Чүйдө жашы жете элек кызды ала качууга шектелип 3 жигит кармалды

Жайыл районунда жашы жете элек кызды ала качууга шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 11-апрель күнү Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Дөбө айылынын жашоочусу кайрылып, анын жашы жете элек 2003-жылы туулган кызын белгисиз балдар никеге туруу максатында ала качып кетишкенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБ менен Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы окуяга шектелип, 1999-жылы туулган С.А., С.М. жана 1998-жылы туулган Ш.Б, аттуу жигиттер кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан 2003-жылы туулган кыз ата-энесине кайтарылып берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.