Чүйдө жеңил унаа менен жол оңдоочу техника сүзүшүп, 8 адам жабыркады (видео)

Москва району Садовая айылынын «Сударушка» дүкөнүнүн жанында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Мерседес-Вито үлгүсүндөгү жеңил унаа менен жол оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан техника сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Каза болгондор катталган эмес.