Чүйдө жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 2 адам көз жумду

20-декабрь күнү саат 11:50 чамасында Кант-Интернациональный унаа жолунун 1+800 чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Фолксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай калып, каршы тилкеде келе жаткан КамАЗ-53212 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен жеңил унаада жүргүнчү катары бара жаткан 1978-жылы туулган К.Т.К. жана 2001-жылы туулган А.А.М. жол кырсыгы болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.

Милиция жеңил унаанын дөңгөлөктөрү кышкы мезгилге жараксыз болгонун билдирди.