Чүйдө жер алдамчылыгы боюнча айыл өкмөт башчынын орун басары менен жергиликтүү депутат кармалды

Аламүдүн районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча алдамчылык менен алектенген айыл өкмөт кызматкерлерин кармоо уланууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2018-жылы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык жолу менен 1989-жылы туулган жаранга Чүй облусунун Аламүдүн районунун Учхоз айылынан эки жер тилкесин берүүнү убада кылып, анын 700 миң сом өлчөмүндөгү каражатын ээлеп алышкан.Аталган факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кылмыш иши козголгон.

10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, күрөө катарында жер тилкенин мамлекеттик актысын жана калган 400 миң сом акчаны кайтарып берем деген тил катын кайтарып берүү учурунда Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты колго түшүрүлгөн. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары 1974-жылы туулган жаран буга чейин коррупция беренеси менен 27 факт боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда тергөө иштери уланууда.