Чүйдө жер алып, үй салган тургундарга аял барып, жер аныкы экенин айткан. Шектүүлөр кармалды

Алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

5-март күнү милицияга Аламүдүн районунун тургуну кайрылган. Анын айтымында, 2014-жылы Өскөн-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин (8 сотых) сатып алып, ал жерге үй салган. 2022-жылы жерге мунапыс жарыяланган. Буга байланыштуу бардык керектүү документтерди чогултуп, кезекке турган. Андан кийин №154 контурдагы 4 гектар жер (арыз ээсинин участогу да бар) ага таандык экенин айткан жаран пайда болуп, аны бошотууну талап кыла баштаган.

Бул аял тууралуу дагы 39 адам ушундай билдирүү жасашкан. Алардын баары дал ошол жаңы конуштун тургундары. Бардык фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1965-жылы жана 1981-жылы туулган жарандарды кармаган.