Чүйдө жергиликтүү тургундардын жаңжалы ок чыгаруу менен аяктады

Панфилов районунда жергиликтүү тургундардын жаңжалы ок чыгаруу менен аяктап, шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-январда саат 01:00 чамасында дүкөндүн жанында жергиликтүү 1991 жана 1996-жылы туулган тургундар жолугушушкан. 1996-жылы туулган жаран ТОЗ-16 тапанчасы менен 1991-жылы туулган жаранга ок чыгарган. Жабырлануучу жаракаты менен ооруканага түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган.