Чүйдө жергиликтүү тургунду чала таанышы 680 миң сомго алдап кеткен. Шектүү камакка алынды

Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-сентябрда Сокулук РИИБге жергиликтүү тургундан арыз түшкөн. Ал арызында чала таанышы анын ишенимине кирип, июнь айында 680 миң сомго баалап, 8 баш жылкы алганын айткан. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмышка шектелип 40 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.