Чүйдө жигитти унаага салып барып карактап, сабап кетишкен. Жигит ооруканада

Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

28-август күнү Сокулук районунун милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын Улуттук хирургия борборунан 1995-жылы туулган жаран денесинде жаракаттар менен түшкөнү боюнча маалымат түшкөн.

Окуя боюнча, эки адам түндө 1995-жылы туулган жаранды унаага салып Кун-Туу айылына алып барып, ал жерден денесине залал келтирип, акча каражатын алып, алсыз абалында таштап кетишкени такталган. Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБнүн тергөө кызматында Жазык кодексинин 207-беренесинде (каракчылык) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 2 жаран кармалды.