Чүйдө жол боюндагы мамыга байланган жаран тууралуу милиция маалымат берди

Буга чейин социалдык тармактарда Ак-Ордо конушунда уурулук кылган делген кишини жол боюндагы мамыга байлап салышкандагы видео тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 20-июнда Сокулук РИИБге саат 16:00 чамасында жергиликтүү тургундар уурулук кылган делген кишини кармап алышканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция Ак-Ордо конушунда тургундар телефон жана башка буюмдарды уурдап алган делген кишини мамыга байлап койгонун аныктаган. Аталган факты РИИБге каттоого алынды. Бардык жагдайларды териштирүү үчүн милициянын бөлүмүнө 1965-жылы туулган жаран жеткирилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.