Чүйдө жол эрежесин 755 жолу бузган айдоочу кармалды. Ал айып төлөгөн эмес

Чүйдө 755 жолу жол эрежесин бузган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

2022-жылдын 30-майынан тартып 2023-жылдын 20-ноябрына чейин Шевроле-Лачетти үлгүсүндөгү унаасы менен 755 жолу жол эрежелерин бузуп, “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу орнотулган видео байкоого түшүп калган.

Бул айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн айдоочуну Бишкек-Кордай унаа жолунан кармашып, унаасын Аламүдүн районунун убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотушту.