Чүйдө жолдун жээгинде жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Чүйдө жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы Заречный көчөсүндө болгон. Жолдун жээгинде VoLkswagen T4 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Өрт саат 12:20да чектөөгө алынып, саат 12:38де толук өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.