Чүйдө жолго ташталган станоктун айынан төрт автоунаа кырсыка учурады

Чүй облусунун аймагында жолго ташталган майдалоочу станокко төрт автоунаа урунган. Жалпы жонунан беш киши жабыркаган. Бул тууралуу жол кыймылы коопсуздугунун аймактык башкармалыгынан  кабарлашты.

Окуя кечээ, 30-январда таңда Бишкектен Эркин экономикалык аймакка кетип бараткан трассада болгон. Кырсык болгон жерден тартылган видео Telegram каналдарына жүктөлүп, тараган. Кадрлардан Mercedes үлгүсүндөгү машинанын станокту сүзүп алганын көрүүгө болот. Андан сырткары, Mazda жана Mercedes Sprinter да урунган.

Башкармалыктын алдын ала маалыматы боюнча Mercedes унаасынын айдоочусу тиешелүү ылдамдыкты сактабаганын белгилешүүдө.

«Алдын ала маалымат боюнча, майдалоочу станоктун дөңгөлөгү бир нерсе болсо керек. Ээси жабдууну саат түнкү 2ге чейин кайтарып жатышканын, кырсык болбошу үчүн бардык аракеттер көрүлгөнүн айтты. Жолдон алып коюу үчүн машинага кетишкен. Дал ушул маалда ага микроавтобус урунган, ичинде айдоочу гана болгон. Жол инспекторлору келип, авариялык белги коюп башташкан. Бирок дагы үч автоунаа келип кагышкан. Абалды коюу туман да курчутуп жиберди», — деп билдиришти башкармалыктан.

Ал эми станоктун ээси милиция бөлүмүнө алып келинген, тергөө иштери уланууда.