Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды

Сокулукта адам өлүмүнө алып келген жол кырсыкта из жашырган мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-апрелде болжол менен саат 02:30 чамасында 2005-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Хонда Фит 1978-жылы туулган жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Унаа алдында калган жаран ошол жерде каза болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иштери козголгон.

Кылмышка шектүү кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.