Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Унаасы менен жаранды өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсык 24-октябрда болгон. Анда айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 1963-жылы туулган жаранды сүзүп кеткен. Эркек киши алган жаракатынан мүрт кеткен. Кылмышка шектелип, 1963-жылы туулган жаран кармалды. Ал өзүнүн Портер унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, унаасын үйүнө катып койгон. Унаа айып короого киргизилип, айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилди.