Чүйдө жөө жүргүнчүнү сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды

22-август күнү саат 14:55 чамасында «102» кызматынан милицияга Сокулук районунда жөө жүргүнчүнү Мерседес-Бенц Спринтер 313 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү Сокулук районунун аймактык ооруканасына жаракат бөлүмүнө жаткырылган. Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалып, Сокулук РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген жана унаасы айып короого токтотулду.