Чүйдө жубайын бычактап өлтүрүүгө шектүү кармалды

Аламүдүндө 1985-жылы туулган аялга бычак сайган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга бүгүн, 23-январда уруштун айынан эркек киши аялга бычак сайганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда аялдын кыймылдабай жатканы айтылган. Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Төмөнкү Ала-Арча айылынын 1988-жылы туулган тургуну кармалды. Ал спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кеткенин, чырдан улам бычак сайганын айткан. Шектүү камакка алынган. Тергөө уланууда.