Чүйдө жубайынан шек санаган жаран анын мурдагы күйөөсүнө бычак сайган деп кармалды

Ысык-Ата районунда кызгануудан улам бир нече жолу бычак менен жаракат келтирген делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү саат 15:30 чамасында Ивановка айылдык ооруканага Гидростроитель айылынын 1984-жылы туулган тургуну бычактан бир нече жолу жаракат алып, оор абалда түшкөн. Бул факты Ысык-Ата РИИБге катталып, адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 1967-жылы туулган жаран кармалган. Маалыматка караганда, ал жарандык жубайын кызганып, жабырлануучу менен байланышы бар экендигине шек санап, бычак менен бир нече жолу денесине сайып жибергени айтып берген.

Жабырлануучу жарандык аялдын мурунку күйөөсү экендиги аныкталган. Шектүү кармалып, камакка алынды.