Чүйдө кайниси жездесин балка менен башка чапкан

Москва районунда ден соолукка залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

25-октябрда 1979-жылы туулган жаран менен 2000-жылы туулган кайнисинин ортосунда чыр чыккан. Кайниси жездесинин башына балка менен чапкан. 

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.