Чүйдө караңгыда аялдарды муунтуп, телефондорун тартып алып жүргөн шектүүлөр кармалды

Чүй ОИИБ менен жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан караңгыда аялдарды муунтуп, каракчылык кылган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

«Шектүүлөр былтыр декабрь айында жана ушул жылдын январь айында аялдарга үч жолу кол салышкан. Алар аялдарды муунтушуп, негизинен уюлдук телефондорун тартып алышкан»,- деп билдиришти милициядан.

Бул кылмышка шектелип 2 жигит кармалды. Алардын бири 20 жашта болсо, экинчиси 21 жашта. Алар буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан эмес.