Жайыл районунун аймагында ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
6-сентябрь күнү саат 07:29 чамасында Кара-Балта шаарынын Лермонтов көчөсүндө жайгашкан үйдөн 1977-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылып, денесинде жаракаттары бар экендиги аныкталган. Аталган факты Жайыл РИИБге катталып Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучунун туруктуу жашаган жери жок экени, жогорудагы даректе көрсөтүлгөн кароосуз калган үйдө жашап жүргөндүгү аныкталып, ошондой эле мурунку күнү ал азиат улутундагы белгисиз жаран менен алкоголдук ичимдигин ичип жүргөндүгү аныкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан мурда ушул сыяктуу кылмыш менен соттолгон 1992-жылы туулган шектүү аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.