Чүйдө карышкыр сымал короодо бирөөнүн малын сойгон шектүү кармалды

Аламүдүндө мал уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

19-январда Аламүдүн РИИБге 1971-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 10-январда саат 05:00 чамасында бирөөнүн короосуна кирип, байланып турган кунаажынды союп башташкан. Алар этин көтөрүп кетүүнү пландаган, бирок терисин сыйрыгандан кийин малдын ээси чыгып калган. Ууруулар качып кетүүгө үлгүргөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катараы 2001-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.