Чүйдө алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
14-октябрда милицияга Токмок шаарынын 77 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, ага үч аял келип, өздөрүн «Кызыл чырым» уюмунун кызматкерлерибиз деп тааныштырышкан. Алдоо жолу менен анын 80 миң сомун жана 200 евросун алып, андан соң из жашырып кетишкен.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармашкан. Алар бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган М.Н., 1985-жылы туулган А.Г., 1990-жылы туулган И.С. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.