Чүйдө катталган жол кырсыктан айдоочу жаракат алган

Социалдык тармактын колдонуучулары Чүйдүн Аламүдүн районундагы Ленинское айылында катталган жол кырсыктын видеолору менен бөлүшүшкөн. Видеодон кичи автобустун талкаланып калганын көрүүгө болот. Анын мотору 100 метр алыстыкка ыргып кеткени айтылган.

Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык кечээ, 22-октябрда саат 07:00 чамасында катталган. Айдоочу жол четиндеги жарнак мамысын сүзүп, оодарылып калган. Кесепетинен айдоочу ооруканага кайрылды.