Чүйдө катталган үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары Чүйдүн Аламүдүн районундагы Ленинское айылында катталган жол кырсыктын видеолору менен бөлүшүп жатышат.

Видеодон көргөндөй, кичи автобустун талкаланып калганын көрүүгө болот. Анын мотору 100 метр алыстыкка ыргып кеткени айтылды. Азырынча милиция окуя тууралуу маалымат бере элек.