Токмоктогу катуу шамалда 4 жашар бала чарчап калды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
24-ноябрда милицияга Токмок шаардык аймактык ооруканасынан маалымат түшкөн. Анда ар кандай жаракат алган аял кишинин жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн, ал эми бала чарчап калганы айтылган. Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп баштаган.
Ошол эле күнү саат 08:30 чамасында 2020-жылы туулган бала 1989-жылы туулган апасы менен Токмоктогу 8-март көчөсүндө болушкан. Катуу шамал болгон учурда бактын бутагы кулап, экөөнү басып калган. Кесепетинен бала чарчап калган, ал эми апасы денесинен жаракат алган. Тергөө уланууда.