Чүйдө кезек талашкан 2 таксисттин бирөөсү ооруканага түштү

Панфилов районунда жергиликтүү таксисттердин ортосунда мушташ чыгып, бирөөсүнүн денесине оор залал келтирилген. Шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-февралда Панфилов районунун 1987-жылы туулган 2 жарандын ортосунда чыр чыккан. Экөө тең такси айдачу жана алар кезек талаша кетишкен. Ошондон улам алар айылдын четинде жолукмай болушат. Жолуккан соң, алардын бирөөсү экинчисине бир нече жолу бычак сайган. Кесепетинен жаракат алган жаран ооруканага түшкөн.  Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.