Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Луговое айылында кийим тигүүчү цехте чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрттөн цехтин 550 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жок. Себеби такталууда.