Чүйдө киши колдуу болгон жаран. Шектүү катары ата 2 уулу менен кармалганы маалым болду

Кечээ, 24-июлда Чүй ОИИБ Сокулук РИИБдин кызматкерлери 1990-жылы туулган жаранды издеп жатканы тууралуу маалымат беришкен.

Жаран 22-июлда үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес. Бүгүн, 25-июлда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жарандын жансыз денеси табылганы маалым болгон. Маалыматты редакцияга Чүй ОИИБден тастыкташты. «Сокулук РИИБде киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам кармалды»,- дешкен милициядан.

Ошондой эле милициядан, шектүү катары ата 2 уулу менен кармалганын тастыкташты.