Чүйдө киши колдуу болгон жарандын жансыз денеси табылды

Кемин районунда жергиликтүү тургун айылдашын бычактап өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милицияга 17-март күнү саат 08:55те маалымат түшкөн. Анда Кызыл-Октябрь айылында жергиликтүү тургун үйүндө каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерден 1954-жылы туулган жарандын зомбулуктан каза болгон жансыз денесин табышкан, сол кулагынын астынан бычактан алган жаракаттары болгон. Бул факты Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалды. Ал киши колдуу болгон жарандын айылдашы.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка жарандардын мас абалындагы чыр-чатагы себеп болгон. Шектүү камакка алынган. Тергөө уланууда.