Чүйдө көлмөгө кирип кеткен унаадагы 6 бала мерт кетти. Айдоочу кармалды

Жайыл районунда жол эрежесин одоно бузган жаран камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 20-июнда саат 19:00 чамасында милицияга Жайыл районуна караштуу Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлүнөн Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү унаасы чөгүп, ичиндеги жүргүнчү катары бара жаткан наристелер каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат Жайыл РИИБдин электрондук маалымат каттоо китебине катталып, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлө башталган.

Окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу аталган жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган. Саат 13:00 чамасында Кара-Балта шаарынын Крупский көчөсүнүн тургуну 1984-жылы туулган Г.Т. өзүнүн Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү унаасы менен жубайы 1998-жылы туулган Б.О. жана жашы жете элек 2017-жылы туулган Б.В., 2018-жылы туулган Б.К., 2020-жылы туулган Б.Т., 2024-жылы туулган Г.Р. жана балдызы 1997-жылы туулган Б.О., анын жашы жете элек балдары 2015-жылы туулган Б.В., 2018-жылы туулган Б.А., 2019-жылы туулган Б.Р. жана 2017-жылы туулган Б.С. аттуу балдары менен Жайыл районунун Алтын айылында жайгашкан №3 көлмөгө сууга түшүүгө барышкан. Ошол жерден айдоочу спирт ичимдигин ичип, саат 18:30 чамасында мас абалында өзүнүн унаасы менен бурулуп жатып, дөңсөөдөн оодарылып, ичиндеги жүргүнчүлөр менен сууга түшүп кеткен. Унаанын ичинен айдоочу Г.Т., келинчеги Б.О., ымыркай кызы 2024-жылы туулган Г.Р., балдызы Б.О. жана анын кызы 2017-жылы туулган Б.С. унаадан чыгышып, калган жүргүнчүлөр көлмөгө чөгүп каза болушкан.

Аталган факты боюнча окуя болгон жерден калган жүргүнчүлөрдүн жансыз денелери суудан чыгарылып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Алдын ала териштирүү учурунда чогултулган материалдардын негизинде бул факт боюнча 312-беренеде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда айдоочу аталган жерде “сууга түшүүгө болбойт” деген эскертүүгө карабастан, сууга түшүп мас абалында унаага олтуруп башкарып жол кырсыгына кабылгандыгы, анын натыйжасында өспүрүмдөрдүн каза болгондугуна алып келгендигине байланыштуу шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.