Ак-Жар конушунан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны айдай качкан жаран Сокулук районунан мас абалында кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
1-февралда Ак-Жар конушунан жашы 40-45 чамасындагы жаран Мерседес үлгусүндөгү унааны короодо турган жеринен айдап, качып кеткен.
Маалыматка караганда, бүгүн, 3-февраль күнү унаанын айдоочусу ИИМдин кызматкерлери тарабынан Сокулук районун Кант айылынын аймагындагы айланма жолдон кармалган.
Аталган жаран Чүй ОИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.