Чүйдө кудук казып жатып, көз жумган үч жаран бир туугандар экени айтылууда

Социалдык тармактын колдонуучулары Чүйдө кудук казып жатып, көз жумган үч жаран бир туугандар экенин жазышууда. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.

«Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды», — дешти облустук милициядан.

Кечээ, 26-июнда Чүйдө кудук казып жаткан 3 адам көз жумган, дагы 2 адам ооруканага жеткирилген.  Маалыматка караганда, кырсык Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши — 1980, 1982, 1987-жылы туулган 3 жаран жан берген. 1989 жана 1999-жылы туулган жарандар жабыркаган.