Чүйдө күйүп кеткен вагондун ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Чүйдө күйүп кеткен вагондун ичинен жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Кырман айылында жайгашкан курулуш вагонунан чыккан. Ичинен туруктуу жашаган жери жок, аты-жөнү белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык №7 ӨККБдан бир бөлүм саат 20:03тө чыгып, 20:15те жетип, 20:28де чектөөгө алып, 21:56да толук өчүрүшкөн. Өрттүн себеби такталууда.