Чүйдө мас абалындагы айдоочу окуучу кызды сүзүп кетти

Чүйдөгү ГЭС-2де 17-декабрда саат 18:00 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда окуучу кыз жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Хонда Фиттин айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп, мамыны кулаткан. Ал мас абалында болгон. Жанында документи да болгон эмес. Жабыркаган кызды ооруканага жеткиришкен. Унаа айып короого киргизилген.