Чүйдө мас абалындагы киши бөтөлкөлөшүнө бычак сайган

Чүй облусунун Жайыл районунда спирт ичимдигин ичкен эки кишинин ортосунда чыр чыгып, окуя бычактоо менен аяктады. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-майда Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги унаа токтотуучу жайда спирт ичимдигин ичип жаткан эки кишинин ортосунда чыр чыккан. Уруштун жүрүшүндө 58 жаштагы киши 38 жаштагы кишиге бир нече жолу бычак сайган. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 138-беренесине ылайык (ден соолукка жеңил жаракат келтирүү) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 58 жаштагы жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.