Чүйдө мас айдоочу адам өлүмүнө алып келген жол кырсыкка шектелип, камакка алынды

Панфилов районунда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына шектүү айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жол кырсыгы Бишкек-Чалдовар унаа жолунда болгон.

«Опел Омега унаасынын 51 жаштагы айдоочусу мас абалында каршы тилкеге ​​чыгып кетип, KIA үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын 43 жаштагы айдоочусу каза болгон. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “алкоголдук ичимдиктерди колдонуудан мас абалында жасалган автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана эксплуатациясынын эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.