Чүйдөгү мечитке тапанча менен кирип, ок аткан делип 63 жаштагы киши кармалды

Чүй районунда 63 жаштагы киши бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 50 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, 15-июнь күнү саат 21:00 чамасында Чүй районундагы мечиттердин бирине бейтааныш бирөө кирип, колундагы куралын арыз ээсине такап аны коркутуп, мечиттин дубалын каратып, эки ирээт ок чыгарып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБдин жана Чүй РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы окуяга шектелип 63 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Тергөө учурунда кармалган жарандан травматикалык тапанча ок-дарылары менен алынган. Окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.