Чүйдө мектепте чыккан өрт толук өчүрүлдү

Чүйдө мектепте чыккан өрт саат 14:54тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Такталган маалыматка ылайык, Люксембург айылында жайгашкан Ваккер атындагы орто мектептин чатырынан чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 4 күжүрмөн эсеп, Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы тартылган. Буга кошумча саат 13:20да «Кант» авиабазасынын 1 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, айыл аймактын 2 суу ташуучу унаасы, ошондой эле автошаты менен биргеликте тилсиз жоону саат 14:40та өчүрүлдү.