Чүйдө милиция кызматкери сабалды

«Чүй облусунун Панфилов районунда милиция кызматкерине кол салган шектүүлөр кармалды»,- деп билдирди бүгүн, 19-февралда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 16-февралда таңкы саат 04:00 чамасында милиция кызматкерлери Чалдовардагы көзөмөл өткөрүү пунктунда кызмат өтөп жатышканда алардын жанына 3 жигит барган. Расмий маалымат боюнча, алар мас абалда болушкан. Алар кызматкерлердин бирин сабап, андан кийин качып кетишкен.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбашчылык») менен катталып, Панфилов РИИБдин кызматкерлери шектүүнү 18-февралда колго түшүрдү. 2000-жылы туулган К.Н. милиция кызматкерин сабаган деп айыпталып жатат.

Анын жанындагы шектүүлөр 1999-жылы туулган Т.А., К.А. экени такталып, тергөө жүрүп жатат.