Чүйдө милиция кызматкеринин үйүнө ууру кирди

Милиция кызматкеринин (аял киши) үйүнө уурулар кирди. Окуя бүгүн, 8-июнда эртең менен Сокулуктун Новопавловка айылындагы Ак-Ордо конушунда болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милициянын подполковниги жашаган үйдөн жашоочулардын жеке буюмдары, анын ичинде подполковниктин баштыгы да уурдалган. Уурулар милиция кызматкеринин баштыгын ошол эле конуштагы Ыйман көчөсүнө таштап кетишкен. Аны тапкан жергиликтүү тургун WhatsApp аркылуу жарыя таратып, ээсине кайтарып беришти. Уурулук фактысын Сокулук РИИБ иликтеп, шектүүлөрдү издеп жатышат.