Чүйдө мончодон өрт чыгып, 2 адам түтүнгө ууланган

Чүйдөгү мончодо чыккан өрт кырсыгынын кесепетинен 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-июнда саат 03:58 чамасында Петровка айылынын Борбордук көчөсүндө жайгашкан темир жабылган турак үйдүн жана мончонун 105 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 04:44тө өрт чектөгө алынып жана саат 05:54тө толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 1954-жылы жана 1998-жылы туулган аял кишилер түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилген. Абалы учурда туруктуу. Өрттүн себеби такталууда.