Чүйдө мушташта арачага түшкөн жаран комада жатат. Шектүү өспүрүмдөр кармалды

Жайыл районунун тургуну алган жаракатынан улам комага түшүп калган. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2-август күнү саат 22:20 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1978-жылы туулган жаран түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты Жайыл РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2-август күнү саат 21:30дар чамасында Кара-Балта шаарынын Ленин атындагы маданият үйүнүн жанындагы сейил бактан 2009-жылы туулган жаран самокат ижарага берип жатып кардар менен пикир келишпестиктен чыр чыккан. Чыр бир топ адамдардын мушташуусуна айланган. Окуя болгон жерден алыс эмес жердеги «Алтын Шафран» кафесинде эс алып жаткан жаран аларды ажыратуу үчүн чуркап келип, ал жерден денесинен оор жаракат алып эс-учун жоготуп, аймактык ооруканага жеткирилген.

3-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулга жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот тарабынан 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Ал эми 5-август күнү тергөө иштеринин жүрүшүндө бул окуяга тиешеси бар 2009-жылы туулган дагы бир жаран аныкталып, сот аны 1 айга камакка алган.  Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.