Чүйдө мүрзөгө жакын жерден бакка асылган 34 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Чүйдөгү мүрзөнүн жанынан 34 жаштагы аял бакка асылган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

1-сентябрда Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жаңы-Чек айылында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке тергөө тобу барган. Кызматкерлер Жаңы-Чек айылындагы мүрзөгө жакын жерде азиат түспөлүндөгү, болжол менен 30-35 жаштардагы аял кишинин бакка асылган жансыз денесин табышкан. Аталган факты реестрге катталып, тергөө иштери жүрө баштаган. Жансыз денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун 1987-жылы туулгандыгы, аты-жөнү такталган.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон экспертизаларды дайындап, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда. Айрым ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда, маркум кен казуучу компаниялардын биринде иштеген. 29-август күнү ал кезектеги сменден кайтып барган. Ал эми 31-августта Бишкекке келип, курдаштары менен жолуккан.