Чүйдө ок-дарылар сакталган жай табылды (сүрөт)

Чүй облусунун Аламүдүн районунда ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-апрелде Кара-Жыгач айылындагы «Восход» дачалык кооперативинде жайгашкан жеке менчик тилкесинин аймагынан жерге көмүлгөн желим баштык табылган. Баштыктын ичин текшерүүдө, 108 даана ок-дары, ошондой эле Макаров маркасындагы тапанчанын 2 компоненти (магазин 8 ок-дарысы, стволду тазалагычтары) табылган.

Учурдамилиция кызматкерлери менен биргеликте аталган ок-дарыларды сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.