Чүйдө өлтүрүлгөн аялдын жакындары изделип жатат

14-октябрда Сокулук районунда зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин алкагында милиция маркумдун аты-жөнүн тактоодо.

Белгилери: бою 165 сантиметр, 45-50 жаш чамасында, чачы сары.
Кийген кийимдери: көк түстөгү жайкы шым.

Милиция аялды тааныгандарды 102, 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (312) 60-77-27 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.