Чүйдө өрт өчүрүүчүлөр 5 миң түк чөптү сактап калышты

Кечээ, 5-сентябрь күнү Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылындагы МТФда (сүт-азык-түлүк фермасы) ачык аянтта жыйылып турган 600 түк чөптүн 200 түгү күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Андан сырткары, трактор жана пресс-подпорщик күйүп, сарайдын бастырмасындагы 5 миң түк чөптүн күйүп кетүү коркунучу пайда болгон. Бирок өрт өчүрүүчүлөр өрттү чектөөгө алып, 5  миң түк чөптү сактап калышкан. Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, саат 18:50дө толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.