Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылынын тоосуна эс алууга чыккан 2008-жылы туулган өспүрүм жыгылып, бутун кокустатып алып, тоодон түшө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, өспүрүмдү тоодон түшүрүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы орто.