Чүйдө өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

26-май күнү болжол менен саат 07:50 чамаларында Сокулук районунун Сокулук айылынын Совет көчөсү менен бара жаткан айдоочу 2017-жылы туулган өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Кесепетинен өспүрүм аймактык ооруканага кайрылган. Бул факты боюнча 27-май күнү жол шектүү катары 1993-жылы туулган жаран кармалып, мындан ары чара көрүү үчүн Сокулук РИИБдин тергөө кызматына тапшырылып, Ауди С4 үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.