Чүйдө өз баласын көгала болгуча сабаган делип атасы кармалды

Чүйдө 2010-жылы туулган окуучу атасы тарабынан катуу сабалган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-мартта Москва РИИБге райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык кызматкери кайрылып, 12 жаштагы окуучу сабалганын айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүмдүн денеси каралган. Анын денесине эски жана жаңы тактар, тырыктар бар экени, 1989-жылы туулган атасы аны сабап келгени аныкталган. Кылмышка шектелип атасы кармалды. Тергөө уланууда.