12-сентябнда болжол менен саат 19:28де Чүй райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй районундагы айылдардын бириндеги үйдөн эки жаш баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты катталып, териштирүү иштери башталды.
Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлүп, үйдүн ичинен бычак жараттары менен 2013-жылы туулган Д.Э. (кыз) жана 2023-жылы туулган Ш.М.нын (уул) жансыз денелери табылганы аныкталды. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү соттук экспертизалар дайындалды. Каза болгон балдардын энеси М.М. — кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.